Садыр Жапаров Владимир Путин менен болгон расмий жолугушууда мигранттардын маселесин көтөрдү.
«Россиянын аймагындагы кыргызстандыктардын мыйзамдуу түрдө болушун камсыз кылуу, аларга татыктуу эмгек шарттарын түзүүгө жана каралган социалдык кепилдиктерди берүүгө эки тараптын тең кызыкдар экени ырасталды», — деди Садыр Жапаров.
Анын айтымында, бул маанилүү багытта мындан ары да иштер улантылат.

