Садыр Жапаров Владимир Путинге көңүл айтты
Президент Садыр Жапаров Россиянын Президенти Владимир Путинге Дагестандагы май куюучу станцияда болгон жарылуудан адамдардын каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты.
“Дагестандагы май куюучу станциядагы жарылуунун кесепетинен адамдар каза болгондугуна байланыштуу кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөм жана бардык жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин тилейм”,-деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.
Белгилей кетсек, Махачкалада май куюучу жайда 14-августта катуу жарылуу болгон. Жарылуудан 35 адам каза болуп, жабыркагандардын саны 100гө жеткен.