Президент Садыр Жапаров бүгүн Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Япониянын тышкы соода уюмунун (JETRO) башкаруучусу Норихико Ишигуро менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Мамлекет башчысы Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн реалдуу практикалык кадамдар жасалып жатканын белгилеп, Япониянын компанияларын жана каржы түзүмдөрүн өлкөдөгү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышууга чакырды.
Ал өз ара кызматташуунун маанилүү багыттарынын бири — маалыматтык технологияларды өнүктүрүүгө басым жасап, кыргыз тарап IT-тармагын жакшыртууга Япониянын тажрыйбасын жана алдыңкы технологияларын тартууга кызыкдар экенин билдирди.
JETRO компаниясынын башкаруучусу Норихико Ишигуро Президент Садыр Жапаровго жеке жолугуп, келечектүү долбоорлорду талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Ал Кыргызстанда абдан чоң потенциал бар экенин жана япон компанияларынын өлкөгө болгон кызыгуусу өсүп жатканын, буга байланыштуу кызыгууну өз ара кызыкчылык туудурган конкреттүү сунуштар менен толтуруу зарыл экенин белгиледи.
Норихико Ишигуро бул жолугушуу кыргыз-япон кызматташтыгынын алкагында ар кандай программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачарын кошумчалады.