Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда Ысык-Көл облусуна жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы капиталдык реконструкциядан өткөн “Каракол” эл аралык аэропортун ачат.