"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Садыр Жапаров жана Владимир Путин Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюшту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюшту. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын маалымат кызматы кабарлады.

Алгач аскердик оркестрдин коштоосунда гвардиячылар мемориалга гүлчамбарларды коюшту. Андан соң мамлекет башчылар баш ийип, курман болгон баатырларды эскеришти. Гүлчамбар коюу Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү менен аяктап, үч жолу ок атылды.

Белгилей кетсек, Владимир Путин кечээ, 25-ноябрда, Бишкек шаарына мамлекеттик сапары менен келди.