Президент Садыр Жапаров «Жаштар жөнүндө» КР Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2023-жылдын 21-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты — жаштар саясатын калыптандыруунун, ошондой эле жаштарды мамлекеттик ишмердүүлүктүн бардык чөйрөлөрүнө тартуунун механизмдерин аныктоо болуп саналат.
Мыйзамда жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишинин негизги багыттары, мүмкүнчүлүгү чектелген жаштарды жана жаштардын аялуу топторун тартуу үчүн бирдей шарттарды түзүү, жаштар саясатын калыптандыруу жана ишке ашырууда мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсү, алардын укуктарын коргоо, ишкердикти өнүктүрүүгө жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, мамлекеттик жаштар саясатын финансылык жактан камсыз кылуу маселелери каралган.