"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Садыр Жапаров «Жеңиш» шоу-программасына катышты

Күн мурун Президент Садыр Жапаров Азербайжандын Агдам шаарындагы «Имарат» тарыхый-маданий борборунда өткөн карабах аргымактарынын «Жеңиш» шоу-программасына катышты. Иш-чара Экономикалык кызматташтык уюмунун 4-июлда Ханкенди шаарында өтө турган 17-саммитинин алкагында уюштурулду.

 Конокторго улуттук кийимчен атчандардын катышуусунда ат үстүндөгү оюндар, классикалык жана элдик чабандестик өнөрлөр көрсөтүлүп, Азербайжандын байыркы жылкычылык салты жана маданий мурасы чагылдырылды. Шоу-программа салттуу музыка жана улуттук бийлер менен коштолду.