Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-июнда, Беларусь Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Минск шаарындагы Эгемендүүлүк сарайында өтүп жаткан Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышууда. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын маалымат кызматы билдирди.
Иш-чара башталар алдында делегация башчыларын Беларусиянын Президенти Александр Лукашенко тосуп алды. Саламдашуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземинен соң, мамлекет башчылары тар курамдагы жыйынга жөнөштү.

