"Эркин-Тоо"

Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 23-24-ноябрда Азербайжан Республикасына болгон иш сапары аяктады.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров өлкө президенти Ильхам Алиев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө жана арттырууга өз ара умтулууларын ырасташты.

Андан соң президент Садыр Жапаров БУУнун Борбордук Азия экономикалары үчүн Атайын программасынын (СПЕКА) мамлекет башчыларынын саммитине катышты.

Саммиттин ишине Программага мүчө өлкөлөрдүн президенттери: Азербайжан — Ильхам Алиев, Казакстан – Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстан — Садыр Жапаров, Тажикстан — Эмомали Рахмон, Өзбекстан — Шавкат Мирзиеев, ошондой эле ардактуу коноктор катары Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили, Венгриянын премьер-министри — Виктор Орбан жана башка расмий адамдар катышты.

Иш сапарын аяктап, Президент Садыр Жапаров 24-ноябрда Бишкек шаарына кайтып келди.