"Эркин-Тоо"

Садыр Жапаровдун Беларуска болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 22-23-ноябрда Беларусь Республикасына болгон иш сапары аяктады.

Минск шаарында мамлекет башчысы Беларустун президенти Александр Лукашенко менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты.

Иш сапардын экинчи күнүндө мамлекет башчысы Александр Лукашенконун төрагалыгы астында өткөн Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунун кезектеги сессиясына катышты.

Жамааттык Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулап, алдыдагы милдеттерди аныкташты, ошондой эле жамааттык коопсуздуктун кызыкчылыктарын камсыз кылууга багытталган бир катар документтерди кабыл алынды.

2024-жылдын 1-январынан баштап ЖККУдагы төрагалык Казакстанга өттү.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!