"Эркин-Тоо"

Садыр Жапаровдун Дубайга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 30-ноябрдан 3-декабрга чейин Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) болгон иш сапары аяктады.

Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчысы Дубайда БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухейль Аль Мазруи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, соода-экономикалык, инвестициялык жана энергетикалык тармактарда кызматташууну активдештирүү маселелерин талкуулашты.

1-декабрда Садыр Жапаров климат боюнча иш-аракеттердин Бүткүл дүйнөлүк саммитинин ачылыш аземине катышты.

Климат боюнча иш-аракеттердин Бүткүл дүйнөлүк саммитинин аянтчасында Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушуп,  кыргыз-монгол кызматташтыгын ар кыл тармактарда кеңейтүүнү талкуулашыты.

Андан кийин Президент БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын Жогорку деңгээлдеги сегментинде сөз сүйлөп, анда келечек муундардын жашоосуна жакшы таасир тийгизиш үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн айтты.

Ал белгилегендей, эксперттердин баамында, абанын температурасы планетанын орточо көрсөткүчүнөн кескин жогорулашы бүтүндөй Борбор Азиядагыдай эле Кыргызстанда да байкалууда. Кыргызстандын жана Борбор Азиянын тоолуу экосистемаларында жайгашкан мөңгүлөр суу-энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугу, экологиялык туруктуулук үчүн өтө маанилүү.

Ошондой эле, Садыр Жапаров климат боюнча иш-аракеттердин Бүткүл дүйнөлүк саммитинин аянтчасында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Словениянын президенти Наташа Пирц-Мусар жана Пакистандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Анвар-уль-Хак Какар менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Андан соң мамлекет башчысы Адаптация боюнча глобалдык жыйынтык чыгаруу боюнча Жогорку деңгээлдеги комитеттин биринчи отурумунда «Тоолуу өлкө катары Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуусу» деген темада сөз сүйлөдү.

Садыр Жапарова өз сөзүндө эл аралык коомчулукту тоолуу өлкөлөрдүн климаттык жана тоо экосистемасынын экологиялык көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган аракеттерин колдоого чакырды.

2-декабрда президент БАЭге болгон иш сапарынын алкагында Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мохаммад Саиф Аль-Сувейди менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөр башталаар алдында мамлекет башчысынын катышуусунда «Абу-Даби Кыргыз Инвестмент» кыргыз-эмират биргелешкен холдингдик компаниясынын уставдык жана уюштуруу документтерине кол коюу аземи болду.

Андан соң Садыр Жапаровдун катышуусунда Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен «Abu Dhabi Future energy company PJSC- Masdar» жана «Électricité de France» компанияларынын ортосунда үч тараптуу Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктап, 3-декабрда Бишкекке кайтып келди.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!