Садыр Жапаровдун кайрылуусу «Түрк дүйнөсүнүн жумалыгынын» ачылышында окулду
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев 1926–2026-жылдардагы Биринчи түркологиялык курултайдын 100 жылдыгына арналган «Түрк дүйнөсүнүн жумалыгы» иш-чарасынын ачылыш аземине катышты.
Иш-чара 2026-жылдын 29-июнунан 3-июлуна чейин Азербайжан Республикасынын Баку жана Ханкенди шаарларында өтүүдө. Ачылыш аземинин алкагында министр Мирбек Мамбеталиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун юбилейлик иш-чаранын катышуучуларына арналган куттуктоо кайрылуусун окуп берди.
Мамлекет башчысынын кайрылуусунда Биринчи түркологиялык курултайдын түрк элдеринин интеллектуалдык, маданий жана илимий жактан интеграцияланышындагы тарыхый мааниси белгиленип, гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, түрк тилдерин сактоо жана өнүктүрүү, ошондой эле жалпы маданий мурастарды коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулганы белгиленген.
Ошондой эле Президент жалпы түрк элдеринин тарыхын, тилдик жана маданий мурастарын терең изилдөөнүн, ошондой эле санариптештирүү шартында түрк тилдеринин өнүгүүсүнө жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга багытталган иштердин маанилүүлүгүн белгиледи. «Түрк дүйнөсүнүн жумалыгы» түрк мамлекеттеринин ортосундагы маданий, илимий жана гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого, ошондой эле маданият, илим жана билим берүү тармактарында өз ара байланыштарды кеңейтүүгө багытталган.