"Эркин-Тоо"

Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун Орусияга  20-21-февраль күндөрү болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы Казань шаарына болгон иш сапарынын алкагында Орусиянын Президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Өлкө башчылары мамлекеттер ортосундагы кызматташтыктын жогорку динамикасын белгилешип, кыргыз-орус мамилелерин тереңдетүүгө эки тараптын умтулууларын ырасташты.

Сапардын алкагында ошондой эле Президент Садыр Жапаров менен Татарстандын Башчысы Рустам Миннихановдун жолугушуусу болду. Рустам Минниханов президент Садыр Жапаровду Кыргызстан жана Татарстандын кызматташтыгын өнүктүрүүгө, эки элдин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого кошкон зор салымы үчүн «Дуслык» ордени менен сыйлады.

Мындан тышкары бул сапардын алкагында Казань шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун ачылышы болду.

Садыр Жапаров 21-февралда Россиянын президенти Владимир Путин, Беларусьпрезиденти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахман менен бирге «Келечек оюндары» эл аралык мультиспорттук мелдешинин ачылыш аземине катышты.

Андан соң мамлекет башчылары «Келечек оюндарынын» инсталляцияларын, «Digital sport» жаңы дисциплиналары боюнча арт объектилерди көрүп чыгышты, ошондой эле Dota-2 жана»Фиджитал футбол» дисциплиналары боюнча мелдеш залдарын кыдырышты.

Президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктап, 22-февралда Бишкекке кайтып келди.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!