"Эркин-Тоо"

Садыр Жапаровдун Японияга болгон иш сапарынын жыйынтыгында алты документке кол коюлду

Президент Садыр Жапаровдун 17-20-ноябрда Японияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Төмөнкү документтерге кол коюлду:

— Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы жаңы доордогу достук жана баарын камтыган ар тараптуу өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен билдирүү;

— Кыргыз Республикасы менен Япониянын дипломатиялык жана кызматтык паспортторунун ээлери үчүн визасыз режимди белгилөө жөнүндө макулдашуу;

— Ирригациялык каналдарды күтүү үчүн техника менен жабдуу боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча Гранттык жардам алууга багытталган макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын жана Япониянын юстиция министрликтеринин ортосундагы укуктук чөйрөдө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Саламаттык сактоо тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— «Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы» мекемеси менен «Билим капиталы» ассоциациясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум (MoU).

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!