Бүгүн, 23-июнь күнү, Россиянын Сахалин аралында аюу кол салып, эки адам каза болуп, дагы экөө жаракат алды. Бул тууралуу «РИА Новости» агенттиги маалымдады.
Окуя түштүк Сахалиндеги «Үч бугу» аталышындагы скульптура жайгашкан аймакта болгон. Аюу төрт кишиге кол салган. Алардын бирөө тез жардам кызматы менен ооруканага алып кетип бара жаткан жолдон каза тапса, экинчисинин сөөгү окуя болгон жердеги аймактан табылган. Жабыркаган 2 адамдын бири оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Учурда тийиштүү кызматтар аюуну издеп жатышат.