"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Саида Мирзиёева: Өзбекстан Кыргызстанды ишенимдүү өнөктөш катары баалайт

Өзбекстан президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева Кыргызстанга болгон сапары тууралуу пикирин социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.

Ал президент Садыр Жапаровго жылуу кабыл алуусу жана ишенимдүү маанайдагы мазмундуу жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, эки элди өз ара урматтоого негизделген өнүгүү жана гүлдөп-өсүүгө болгон жалпы умтулуу бириктирип турганын белгиледи.

Мирзиёеванын айтымында, Өзбекстан Кыргызстанды эң жакын коңшу жана ишенимдүү стратегиялык өнөктөш катары баалайт. Бул мамиленин жемиши катары ал чек ара маселелери боюнча ийгиликтүү макулдашууларды, улуттук ID-документтерди өз ара таанууну, биргелешкен ишканалардын ачылышын, ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири долбоорлорду атады.

Жолугушууда ошондой эле «Заковат» интеллектуалдык оюнунун турнирлери тууралуу сөз болуп, бул долбоор жаштардын достук алакасын чыңдап жатканы белгиленди.

«Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда кылымдар бою калыптанган бир туугандык жана жакын коңшулук мамилелер бар. Биз аларды баалайбыз жана мындан ары да бекемдей беребиз», — деп жазды Саида Мирзиёева.