“Кырсык каш кабактын ортосунда” демекчи, ар бир жаран өзгөчө жолдо жүрүүдө жөө жүргүнчүбү же айдоочубу айтор, жол эрежелерин сактап, өзүнө сак болуузу зарыл.
Анткен менен кырсык айттырып келбейт. Мындан улам, бүгүнкү күндө КРнын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы “Кызыл ай” коому менен биргеликте жол кырсыгына кабылган унаадагы жүргүнчүлөрдү унаадан туура алып чыгууну, тез жардам кызматы келгенче биринчи жардамды көрсөтүүнү өз кызматкерлерине окутуп, үйрөтүшүүдө.
Буга чейин Ысык-Көл облустук, Чүй облустук ЖКККБнын кызматкерлерин окутуп, машыгуудан өткөрсө, учурда ЖКККББнын борбордук аппаратынын кызматкерлери окуп, машыгууларды өткөрүштү.
КРнын ИИМдин ЖКККББнын бул аракети жана демилгеси кырсыкка кабылып, жардамга муктаж болгон адамдардын өмүрүнө өмүр улоого себепчи болот.
Элибиздин ден соолугу, коопсуздугу, тынчтыгы үчүн пайдалуу аракеттер, демилгелер ишке аша берсин! ЖКККББнын ишине ийгилик!
Ош облусунун
ички иштер башкармалыгынын
басма сөз кызматы