"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерлерди жумушка чакырат

Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерлерди, орто медициналык кызматкерлерди жана башка адистерди жумушка чакырды. Бул тууралуу ведомство маалымдады.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча шаарлардан алыскы райондорго чейин ондогон бош кызмат орундары бар.

Иштегиси келген адистер үчүн төмөнкү стимулдук жана колдоо чаралары каралган:

  • Алыскы райондор, чакан шаарлар жана айыл жергесиндеги медициналык мекемелерге жөнөтүлгөн адистерге (педиатр, неонатолог, жалпы хирург, анестезиолог-реаниматолог) ай сайын 20 000 сом компенсация;

  • Бишкек жана Ош шаарларындагы Тез жардам кызматынын дарыгерлерине 20 000 сом компенсация;

  • Аймактарда ординатурадан же интернатурадан өтүүнү каалаган жаш дарыгерлерге 20 000 сом стипендия;

  • Алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айыл жергесинде иштеген дарыгерлерге ар квартал сайын 66 000 сом кошумча төлөм;

  • Эл аралык стандарттарга ылайык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу программалары;

  • Кесиптик өсүү мүмкүнчүлүктөрү жана социалдык кепилдиктер.

Бош кызмат орундарынын толук тизмеси жана адистер бөлүмүнүн байланыш маалыматы менен кызыккан адистер таанышса болот.