"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Саламаттык сактоо министрлиги: «Тамактангандан 1,5 саат өткөндөн кийин гана сууга түшүңүз»

Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды көлдө же башка сууга түшүүчү жайларда эс алууда коопсуздукту сактоого чакырды. Министрлик эс алуу учурунда кырсыктын алдын алуу үчүн бир катар эрежелерди эске алууну сунуштады.

Министрлик сунуштаган негизги эскертүүлөр төмөнкүдөй:

  • Сууда узак убакыт болбоо керек, муздап калуу коркунучу бар. Эгер үшүк басып, дене калтыраса, дароо жээкке чыгып, жылынууга аракет кылуу зарыл;

  • Абанын температурасы +18…+25°Сден жогору болгон убак сууга түшүү үчүн эң жакшы учур болот;

  • Тамактангандан кийин жок дегенде 1,5 сааттан кийин гана сууга түшүү сунушталат;

  • Балдар чоңдордун көзөмөлүндө гана сууга түшүшү зарыл;

  • Сууга түшүү үчүн атайын жабдылган, жээктери тайыз жана күндөн коргонуучу шарттары бар жайлар тандалышы керек;

  • Балыр баскан, тереңдиги белгисиз же түшүнүксүз жерлерде сууга түшпөө;

  • Кайык же катамарандын артына асылып, жабышып сууга түшүү кооптуу;

  • Катуу шамал учурунда сууга кирбөө зарыл;

  • Шар, матрац, желим баллон сыяктуу жабдуулар менен алыска сүзүп кетпөө керек. Алар оодарылып же жарылып кетсе, сүзгөн адам жээкке жете албай калышы мүмкүн;

  • Көпүрөдөн, тосмодон же кайыктан сууга секирүү кооптуу.

Министрлик жарандарды ушул эрежелерди сактап, эс алуусун коопсуз жана жагымдуу өткөрүүгө чакырат.