Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына 107 даана автотранспорт тапшырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.
«Бүгүнкү иш-чаранын себеби — экономикалык жана стратегиялык өнөктөшүбүз Россия Федерациясынын колдоосу менен COVID-19 кесепеттерин жоюу долбоорунун алкагында жалпы суммасы 3 миллион доллар болгон 107 унааны өткөрүп берүү. Белгилей кетсек, 3 жылдын ичинде 335 жаңы медициналык тез жардам унааларын, ошондой эле тез санитардык транспорттук каражаттарды алдык. Албетте, элдин бакубаттуулугу, мамлекеттин экономикалык өнүгүүсү саламаттыкты сактоо системасынын туура уюштурулушунан көз каранды. Коронавирустук пандемия дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде биздин өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасынын бардык алсыз жактарын көрсөттү. Ооруканаларыбыздын, поликлиникаларыбыздын материалдык-техникалык базасын жакшырта баштадык жана көптөгөн атайын жабдыктарды сатып алуудабыз», — деди Акылбек Жапаров.
Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлигине жалпы суммасы 3 000 000 долларга 47 даана тез жардам унаасы, 35 даана седан кузовдуу санитардык транспорт, 19 даана минивен кузовдуу транспорт, 4 даана сөөк ташуу үчүн адистештирилген транспорт жана 2 даана дезинфекциялоочу унаа алынды.