Саламаттык сактоо министрлигинин үч бөлүм башчысы кызматтан алынды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Алар коомдук саламаттык башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова,юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев жана өндүрүштүк иш бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Ибраева.
Кызматкерлер «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын 37-беренеси менен (мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча кызматты токтотуу) кызматтан бошотулушкан.