"Эркин-Тоо"

Саламаттык сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн иликтей турган депутаттык комиссия түзүлдү

Жогорку Кеңештин 3-апрелдеги жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулунун демилгеси менен Саламаттык сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү.

Комиссиянын курамына депутаттар Жусупбек Коргонбай уулу, Жалолидин Нурбаев, Гүлшаркан Култаева, Шарапаткан Мажитова, Айсаракан Абдибаева, Исхак Масалиев, Султанбай Айжигитов, Нилуфар Алимжанова кирди.

Жусупбек Коргонбай уулу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди коррупцияга айыптап, бир катар фактылары бар экенин айтты. Ошондой эле анын айланасында кылмыш дүйнөсүнө тиешеси бар адамдар иштеп жатканын айтып, укук коргоо органдарын текшерүү жүргүзүүгө чакырды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!