"Эркин-Тоо"

Саламаттык сактоону стандартташтыруу жана далилдүү медицина маселелери боюнча көз карандысыз эксперт, медицина кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мүчөсү Бермет Барыктабасова: «Темир тор артында отурган дарыгерлер бар»

Ушул жылдын март айында Ноокат аймактык ооруканасынын 11 бөлүм башчысы кызматтан бошотулуп, андан кийин эле Ош облустук ооруканада да ошондой эле кырдаал орун алган. Көп өтпөй Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевдин тапшырмасы менен Ноокат аймактык ооруканасынын 11 бөлүм башчысынын кызматтан алынышына байланыштуу жагдайды иликтөө жана кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугун текшерүү үчүн атайын комиссия дайындалган. Комиссия документтерди изилдеп, жыйынтыгында Ноокат аймактык ооруканасынын директорунун 2025-жылдын 15-мартындагы №20 буйругу менен 2025-жылдын 21-январындагы №22 «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын коргоо жөнүндө» мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2025-жылдын 21-февралындагы №166 буйругунун негизинде 11 бөлүм башчысынын ээлеген кызматынан бошотулгандыгы мыйзамсыз деп табылып, 5 бөлүм башчы кызмат ордуна кайра кайткан. 6 бөлүм башчы өз каалоосу менен кызматынан бошотулган.

Биз бул окуядан кийин Кыргызстандын жалпы медицина кызматкерлеринин укугун коргогон кесиптик бирликтин активдүү мүчөсү Бермет Барыктабасовага кайрылып, Ноокатта кызматтан алынган дарыгерлер, дегеле медициналык кызматкерлердин укуктары тууралуу бир нече суроо узаттык.

— Бермет айым, сиз дарыгерлердин укугун коргогон кесиптик бирликтин мурдагы жетекчиси, азыркы активдүү мүчөсүсүз. Ноокаттагы окуя боюнча кандай түшүндүрмө бересиз? Эмне үчүн бир күндө 11 дарыгер кызматтан алынган?

— Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин кызмат ордун ээлөө мөөнөтү мыйзам менен чектелип калган эмес беле. Башкача айтканда, беш жылдан эки жолу кызмат орунду ээлеп олтурган жетекчилердин мөөнөтүн чектеген мыйзам чыккан. Ушул мыйзамды жетекчиликке алып, Ноокат райондук ооруканасынын жетекчиси бөлүм башчыларын бир күндүн ичинде кызматтан бошотуп жиберген. Бирок, директор бул мыйзамдын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине гана тиешелүү экендигин эске алган эмес. Атайын комиссия текшерген соң, алардын айрымдары кайра кызматына кайтышты. Ош шаарында да ушундай эле абал түзүлдү. Биздин кесиптик бирлик 2022-жылдан бери кызуу иштеп келет. Акыркы күндөрдө дарыгерлердин укуктары бузулган жагдайлар чындыгында көбөйдү. Андыктан, Ноокаттагы дарыгерлер да дароо биздин кесиптик бирликке кайрылышты. Алардан кийин эле Ош шаардык ооруканасынын дарыгерлери кайрылышкан. Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев массалык түрдө кызматтан кеткен дарыгерлердин даттануусуна дароо көңүл буруп, комиссия түзүп, маселе өз учурунда чечилди. Кызматтан алынган дарыгерлер пандемия убагында, Ош окуясында өздөрүн мыкты жагынан көрсөтүп, эл үчүн иштеген дарыгерлер болчу. Биз эгер андай кадрларды кызматтан ала берсек, системага чоң запкысы тийери турган иш. Негизи эле мурдагы министрлердин убагында дарыгерлерди, башкы дарыгерлер, жетекчилер кызматтан алып коюуда башаламандыктар орун алып келген. Алар сотко кайрылышып, кызмат орундарынан мыйзамсыз бошотулгандыгын далилдешип, министрлик 18 миллион сом айып пулга жыгылган учурлар болгон. Азыр мыйзам иштеп, коррупциялык схемалар жоюла баштады. Мурда дарыгерлер Эмгек Кодексине таянып, укуктарын коргоого аракет кылышса эле дароо кызматтан алынып, куугунтук көрүшчү. Азыр бактыга жараша, мыйзам иштей баштады.

— Медицина кызматкерлеринин укуктары дагы кандай учурларда бузулуп жатат?

— Мисалы, 2021-жылдан бери 14 медициналык кызматкер тартипсиз жарандар тарабынан сабалды. Алардын көбү нөөмөттө турган дарыгерлер болгон. Тез жардам кызматынын кызматкерлери да таяк жеген учурлар катталды. Сабалган медицина кызматкерлери милицияга кайрылып, арызданышпайт дагы. Себеби, мындай мамилеге көнүп калышкан.

— Коомчулукта дарыгерлерге нааразычылыктар көп. Көпчүлүк, алардын кабыл алуусу талаптагыдай болбой жаткандыгын айтып даттанышат. Сиз мындай арызданууларга кандай карайсыз?

— Албетте дарыгерлерге ооруп, жардам сураган жарандар келишет. Айрыкча ата-энелер балдары ооруп калганда, өздөрүн коёрго жер таппай, “менин баламды тезирээк кара” деп талап кыла башташат. Аларды түшүнүү менен кабыл алып, дарыгерлер колунан келишинче аракет кылышат. Билесизби, медицина кызматкерлери аз, ал эми эл көп. Ар кимиси ар кандай мүнөздө болот. Түрдүү оорулар менен келишет. Айрымдары өтүшүп кеткен дарт менен кайрылышат. Дарыгерлер жарандардын баарын тегиз карашат. Бирок, жетишпей калган учурлар бар. Мисалы, 1 үй-бүлөлүк дарыгерге 1500 адам туура келиши керек. Тилекке каршы, ар бир дарыгер 10000ге чейин жаранды кабыл алган учурлар болот. Бул ыргакта албетте дарыгер чарчайт. Ал да адам, физикалык жактан мүмкүнчүлүгү чектелүү дегендей. Нөөмөттө турган дарыгерлерге да түшүнүү менен мамиле кылып, эки тарап тең бири-бирине акаарат кылбай кайрылышса маселе оорлобойт деп эсептейм. Ар ким өз укугун коргой берсе, уруш-талаштар орун алат. Саламаттык сактоо министрлиги көп жылдардан бери энелердин өлүмүн кыскартуунун үстүндө иш алып барат. Азыр энелердин өлүмү эки эсеге, балдардын өлүмү үч эсеге кыскарды. Бирок, дале катталып жатат. Айрым энелердин ден-соолугу өтө начар. 10 балага чейин катары менен төрөп, организми алсызданып калган энелер төрөттөн кыйналып, каза болуп калган учурлар кездешүүдө.

— Бермет айым, төрөттөн каза болгон энелердин өлүмүнө дарыгерлерди күнөөлөп чыккандар көп. Алардын күнөөлөрү далилденген учурлар барбы?

— Мен атын атай албайм. Бирок, көп балалуу бир эненин өлүмү боюнча айтып берейин. Ал эне дарыгерлердин “Сенин организмиң төрөттү көтөрө албайт” дегенине карабай төрөйт. Төрөттөн кийин акыбалы начарлап, аны суткалап дарыгер карайт. Бишкек шаарынан бригадалар келип аракет кылышат. Канчалаган аракеттерге карабай эне каза болот. Каза болгон соң, анын өмүрүн сактап калууга аракет жасаган дарыгердин үстүнөн арызданышат. Дагы бир окуяны айтып берейин. Көл кылаасында чоң салмакта акыреги сынган бала төрөлдү. Анда да дарыгерлерди күнөөлөштү. Негизи курсактагы бала чоң салмакта болгондо, анын төрөлүү жолунда кысылып калбашы үчүн акырегин сындырып чыгарып алган ыкма колдонулуп келет. Акушерлер бул ыкманы жакшы билишет. Жаратылыш баланы атайын ушундай жаратат. Төрөлүп жаткан баланын акыреги төрөлүү жолунан чоң болсо, акыректин сына турган жери болот. Ал сынбаса, төрөттө чоң маселе жаралышы ыктымал. Сынган акырек аз күндө өзүнүн ордуна келет. Ал эми башка сөөктөр сынбайт. Бирок, биз аны түшүнгүбүз келбейт. Кайсы дарыгер эле эне же баланы өлтүрүп алып, мыйзам алдында жооп бергиси келсин?

— Ошентсе да кесиптик ката кетирип, темир тор артында отурган дарыгерлер барбы?

— Ооба. Күнөөсү далилденип, соттолгон дарыгерлер бар. Алардын айрымдары амнистия менен эркиндикке чыгышкан. №3-Балдар ооруканасынын бир жаш дарыгери узак мөөнөткө эркинен ажыратылган. Бирок, бул учурда саламаттык сактоо системасында да жоопкерчилик бар болчу. Ал эске алынбады. Жөнөкөй дарыгер гана эркинен ажыратылды. Азыр 3 жаштагы кыздын өлүмү боюнча темир тор артында кесиптештерибиз отурушат. Ал дарыгерлердин биринин жолдошу да күнөөлүү деп табылып, азыр абакта отурат. Алар баланы өлтүрүп алайын деген ниетте болгон эмес. Тилекке каршы, ушундай абал түзүлдү. Кызда анафилактикалык шок болуп, аллергиялык реакция жүрүп каза болуп калган.

— Эмне үчүн акыркы убактарда анафилактикалык шок көп катталып жатат?

— Пандемиядан кийин адамдардын организминде өзгөрүүлөр жаралды. Мурда цефтриаксонго аллергиясы жок жарандарда азыр аллергия пайда болду. Андыктан, ар бир жаран азыр этият болуп, өз алдынча дарыланууну токтотушу керек. Дегеле биз ооруну алдын алууга көп көңүл бурушубуз зарыл. Эгер ушул маселеде ар бир жаран, дарыгерлер жоопкерчиликтүү болсо, саламаттык сактоо тармагындагы көп көйгөйлөр чечилмек. Бири-биринин үстүнөн арыздангандардын катары азаймак.

Жазгүл Кенжетаева