"Эркин-Тоо"

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Эркин Чечейбаев ким?

Кечээ, Чечейбаев Эркин Маратович саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Ал буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин системасында иштеген. 50 жашта.

1991-1997-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын санитардык-гигиеналык факультетинде билим алган жана «профилактикалык иш» адистиги боюнча «санитардык врач» квалификациясына ээ болгон.

2014-2015-жылдары Маастрихт университетиндеги (Нидерланд) ден соолук, медицина жана табигый илимдер факультетин «ден соолукту чыңдоо жана билим берүү» («Health Promotion and Education») адистиги боюнча бүтүргөн

1997-1998-жылдары Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин санитардык дарыгери болгон.

1998-2000-жылдары — Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетектөөчү адиси. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин реформаларды киргизүүнү координациялоо башкы башкармалыгында кеңешчи болуп иштеген.

Мындан тышкары, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун түрдүү долбоорлорунда иштеген.

2009-2017-жылдары Барселонада жашап, көз карандысыз консультант болгон.

2017-жылдын апрелинен 2018-жылдын апрелине чейин ДССУда иштеген: Жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу департаментинин, ден соолукту чыңдоо бөлүмүндө, андан кийин ДССУнун башкы директорунун орун басарынын аппаратында, Жугуштуу эмес ооруларды алдын алууну координациялоочу глобалдык механизминин техникалык директору кызматында эмгектенген.

2018-жылдын 3-апрелинде Чечейбаев саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп дайындалып, бул кызматта 2020-жылдын 29-январына чейин турган.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!