"Эркин-Тоо"

Саламаттыкты сактоо министрлиги кагаз түрүндөгү ведомстволук отчеттордон баш тартты

Саламаттыкты сактоо министрлиги кагаз түрүндөгү ведомстволук отчеттордон толугу менен баш тартып, маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу үчүн санариптик платформага өтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз борборунан билдиришти.

Маалыматка ыайык, демилге маалыматтарды чогултуу жана талдоо процесстерин оптималдаштырууга, ошондой эле ресурстарды үнөмдөөгө багытталган.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, санариптик отчеттуулукка өтүү жыл сайын болжол менен 10 миллион сомду үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!