Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын “Чек талап кыл – байге утуп ал!” лотереясынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы лотереянын жеңүүчүлөргө 9 электромобиль жана чет өлкөгө саякаттоого 2 жолдомону тапшырды.
«Республика боюнча колдонуудагы кассалык контролдук машиналардын саны күн сайын көбөйүп, азыр дээрлик 68 миң субъектиге жетти. “Менимче бул- экономикалык патриотизм. Мамлекетке түшкөн ар бир тыйын “жакшылык айлампасында” элге кайтарылып берилет: социалдык программаларды ишке ашырууга, мектептерди, бала бакчаларды, ооруканаларды, жолдорду курууга, айлык акыны, пенсияны, жөлөк пулдарды көбөйтүүгө түздөн-түз таасирин тийгизет. Казынада каражат канча көп болсо, ошончолук эмгек акы, пенсия, жөлөк пулдар көбөйөт. Ар бир жаран, ар бир ишкер мамлекетти өнүктүрүүгө багытталган өз милдетин так аткарса, экономикабыз өсүп, элдин бакубаттуулугу жогорулайт», — деп билдирди Акылбек Жапаров.
Белгилегендей, өткөн жылы байге фонду 142 байгени түзсө, быйылкы жылы байгенин саны 2376 болгон.