Мамлекеттик салык кызматы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгондорго шайлоо учурундагы салыктык эрежелер боюнча түшүндүрмө берди.
Аталган кызматтын маалыматына караганда, талапкерлердин ишенимдүү адамынын, байкоочунун, өкүлдүн милдеттерин аткаргандыгы же үгүт кызматтарын көрсөткөндүгү үчүн шайлоо өнөктүктөрүн өткөрүү мезгилинде талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунан жеке жактар тарабынан алынган каражаттарга киреше салыгы салынбайт.
Ошондой эле шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде үгүтчүлөрдүн иши патенттик негизде салык салынуучу иш түрлөрүнүн тизмесине кирбейт.
«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча тарифтер жөнүндө» мыйзамга ылайык, үгүтчүлөрдүн, байкоочулардын жана ишенимдүү адамдардын кирешелери жана сый акысы социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнөн бошотулат.
Салык кызматы бул кирешелерди эсептөөдө салык мыйзамдарынын жалпы жоболору сакталууга тийиш экенин эскертти.

