Мамлекеттик салык кызматынын расмий маалыматына ылайык, 2021-жылдын январь-апрель айларында жалпы12 млрд 20,7 млн сом суммасында камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду. Бул белгиленген план 103,2 %га аткарылды же 370,7 млн сомго көп жыйналды дегенди билдирет.
2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 1 млрд 637,1 млн сомго көп жыйналып, өсүү ыргагы 115,8 %ды түздү.