Мамлекеттик салык кызматы белгилүү «D Billions» тобу менен биргеликте балдар жана өспүрүмдөр үчүн патриоттук мультимедиалык анимациялык тасма жаратты.
Мультфильмдин башкы максаты келечек муунга мекенге болгон сүйүүнү жана ар бир жарандын өз өлкөсүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы канчалык маанилүү экенин жөнөкөй, түшүнүктүү жана кызыктуу ыкма менен жеткирүү болуп эсептелет.
Тасма өспүрүмдөрдүн жарандык жоопкерчилигин жана коомдук аң-сезимин өнүктүрүүнү, позитивдүү, жаратман болууга шыктандырууну көздөйт.
Мультфильмди төмөнкү шилтеме аркылуу кирип көрө аласыз:
https://www.facebook.com/ainura.ergeshova/videos/1257691792510868

