"Эркин-Тоо"

Салык кызматы ККМдин жаңы моделдерине өтүү мөөнөтүн эки айга узартты

Контролдук-кассалык машиналардын (ККМ) жаңы моделдерине өтүү мөөнөтү эки айга узартылды жана ККМди колдонуудан бошотулган иштин түрлөрүнүн тизмеси кеңейтилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул акчалай эсептешүүлөрдө ККМди колдонуу бөлүгүндө салык милдеттенмелерин аткарууда ишкерлерге көмөк көрсөтүү максатында, ошондой эле бизнес субъекттеринин көп сандаган кайрылууларын эске алуу менен жасалды.

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 2023-жылдын 1-мартына чейин ККМдин жаңы моделдерине өтүү мөөнөтү, ал эми 2023-жылдын 1-апрелине чейин товарларды идентификациялоо каражаттарынын коддору (товарларды маркалоо) жөнүндө маалыматтарды кассалык чектерде милдеттүү түрдө чагылдыруу мөөнөтү узартылды.

Мындан тышкары, базарларда, чакан базарларда, жарманкелерде жана көргөзмөлөрдө иш жүргүзгөн субъекттер 2023-жылдын 1-апрелине чейин ККМ колдонбостон иштей алышат (патенттин негизинде иш жүргүзүү шартында).

Ошондой эле ККМди колдонуудан бошотулган иштин түрлөрүнүн тизмеси кеңейтилди. Тизмеге төмөнкүдөй түрлөр киргизилди:

— газета-журнал күркөлөрүндө газета жана журналдарды, ошондой эле алкоголдук продукцияларды жана тамеки буюмдарынан тышкары, башка товарларды сатуу;

— кол арабаларды, алып чыгуучу текчелерди, күркө жана ларектерди пайдалануу менен гүл өстүрүү продукцияларын, айыл чарба продукцияларын, нан азыктарын, улуттук жана сергитүүчү суусундуктарды чекене сатуу;

— цистерна/челектерден квас, сүт, муздатылган жана улуттук суусундуктарды чекене сатуу;

— окуу жайларында жайгашкан ашканаларда жана буфеттерде көрсөтүлүүчү коомдук тамактануу кызматтары.

Толук маалыматты аймактык салык органынан же сайтынан алууга болот.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!