"Эркин-Тоо"

Салык кызматы: Мындан ары кирешеси 50 млн сомго чейин болгон ишкер 0,5% салык төлөйт

Президент Садыр Жапаров салыктык башкаруудагы өзгөрүүлөр тууралуу Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Салык кызматы кабарлады.

Жарылыкта соода менен иш жүргүзгөндөр үчүн патенттик система киргизүү каралган. Патенттик система жылдык кирешесине жараша салык төлөөгө мүмкүндүк берет.

  • Мурун ишкердин жылдык кирешеси 30 млн сомго чейин болсо, ага 0,5% салык төлөнгөн. Өзгөрүүлөрдөн кийин киреше 50 млн сомго чейин болсо, ишкер 0,5% салык төлөп иштей алат. Бул аз салык ставкасы менен көбүрөөк киреше табууга мүмкүндүк берет.
  • Эгерде чет өлкөлүк компаниянын эсебине (же анын тапшыруусу боюнча үчүнчү жакка) акча түшүп жана андан киреше тапса, 0,2% салык төлөөсү керек.
  • Алгачкы документи жокторго айып салынбайт. Тагыраагы чакан же орто бизнесте товардын баштапкы эсепке алуу документтери жок болсо, анда аларга карата киреше салыгы салынбайт.
  • Бирдиктүү салыктын 0,1% жана 1 % ставкалары жоюлду.

Ушул сыяктуу дагы башка өзгөрүүлөр жөнүндө толугураак маалымат алуу үчүн төмөндөгү шилтемеге кириңиз: https://www.facebook.com/share/p/15L34K8c1Z/