Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө карыздары тууралуу SMS билдирүүлөрдү уюлдук операторлор аркылуу жөнөтүү кызматын ишке киргизет. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз бөлүмү кабарлады.
Билдирүүлөр салык төлөөчүнүн жеке кабинетине киргизилген соң, ошол эле учурда уюлдук телефонго да жөнөтүлөт. Тагыраагы, салык инспектору билдирүү чыгарганда ал автоматтык түрдө:
1) cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн жеке кабинетине;
2) салык төлөөчүгө жөнөтүү үчүн уюлдук байланыш операторлоруна тексттик билдирүү түрүндө жөнөтүлөт.
«SMS билдирүү аркылуу келген текст менен сиздин жеке кабинетиңизге келген текст айырмаланбайт. Ошондой эле текстте шилтеме, телефон номерлери же башка байланыш каражаттары болбойт. Расмий жөнөтүүчү «GNS KR» катары көрсөтүлөт.
Сиздерди алдамчылык аракеттерден сак болууга жана жеке кабинетиңиздеги маалыматты өз убагында текшерип турууга чакырабыз», – деп билдирди салык кызматы.

