Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдү өз милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарууга чакырып, мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартыларын эскертти.
Мекеменин маалыматына ылайык, учурда Жогорку Кеңеште салык жүгүн жеңилдетүүгө багытталган мыйзам долбоору каралууда. Анда:
- транспорт каражаттарына салынуучу салыкты жоюу жана тиешелүү түрдө андан бошотуу;
- айыл чарба жерлерине жеңилдиктер;
- текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салуу;
- карыздарды кечүү;
- айрым учурларда салыктык карыздарды кечүү;
- салыктык карызы бар жарандардын өлкөдөн чыгуусуна коюлган чектөөнү жеңилдетүү;
- патенттик системаны киргизүү;
- чакан бизнес үчүн кирешенин босого чегине жеңилдик берүү;
- анык эмес субъекттердин дарегине соода жүргүзүүдө сатуу салыгын жана бирдиктүү салык ставкасын төмөндөтүү каралган.
Ошондой эле, салык төлөөдөн баш тартуу жана жеңилдиктерди негизсиз пайдалануу тобокелдиктерин аныктоо үчүн жаңы аналитикалык механизмдер ишке киргизилип жатат.
Салык кызматы ири бизнес өкүлдөрүн ишти бөлүү, жалган келишимдер аркылуу салык төлөөдөн качууга багытталган схемалардан алыс болууга чакырып, мыйзамды так сактоо адилеттүү атаандаштыкты жана экономикалык туруктуулукту камсыздай турганын баса белгиледи.