Мамлекеттик салык кызматы Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык, базарларда жана кичи базарларда салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө киргизилген мораторийди узартты.
2025-жылдын 1-январына чейинки мораторий чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана колдоого багытталган.
Мораторий базарларда жана кичи базарларда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонууга тиешелүү. Бул мезгилде Салык кызматы текшерүүлөрдү жүргүзбөйт жана административдик айыптарды салбайт.