"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Салык кызматы Вьетнам компаниясы менен кызматташууну макулдашты

Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов «ROX Group» Вьетнам компаниясынын Кыргызстандагы аймактык өкүлчүлүгүнүн башчысы Ву Куанг мырза менен жолугушту.

Тараптар турак жай курулушу, энергетика жана Кыргызстандын аймактарында рекреациялык туризмди өнүктүрүү багытындагы долбоорлор боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн жана консультациялык колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулашты.

Салык кызматы өлкөнүн курулуш жана энергетика секторлорун өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди жүзөгө ашыруунун бардык этаптарында ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында талкууланган багыттардын негизинде алдыдагы биргелешкен кадамдар аныкталды. Ошондой эле компаниянын демилгелерин Кыргызстанда ишке ашыруунун жүрүшүндө аларды дайыма коштоп жүрүү үчүн жооптуу кызматкерлер дайындалды.