Бүгүн, 12-июлда, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Ысык-Көл облусунун Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларында акциздик маркалардын жана күйүүчү майды маркалоо системасын көзөмөлдөө боюнча өткөрүлгөн рейддик иш-чараларга катышты.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жана өлкөдөгү акциздик маркалардын жана күйүүчү майды маркалоо оператору «Учкун» ААКтын өкүлдөрү да катышты.
Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов салык мыйзамдарын, айрыкча акциздик маркалардын жана күйүүчү майды милдеттүү түрдө маркалоо боюнча талаптарды так сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Ал белгилегендей, бул чаралар салыктык түшүүлөрдү гана камсыздабастан, сатыкка чыгарылган товарлардын сапатына кепилдик берип, керектөөчүлөрдү жасалма жана контрафакттык продукциялардан коргойт.
Ошондой эле, төрага бул талаптарды аткаруу өндүрүүчүлөрдүн жана ишкерлердин түздөн-түз жоопкерчилиги болуп саналарын жана атаандаштыкка жөндөмдүү чөйрөнү түзүүдө маанилүү шарт экенин баса белгиледи.

Рейддин жүрүшүндө айрым мыйзам бузуулар аныкталды. Мыйзам бузгандарга карата учурдагы мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөт.
Текшерүүнүн жыйынтыгында төрага Алмамбет Шыкмаматов Балыкчы шаардык салык кызматынын башкармалыгынын жетекчисине жана орун басарына мыйзам бузуулар үчүн катуу сөгүш жарыялады.
Эске салсак, рейддер туристтик сезондун башталышына байланыштуу өткөрүлүүдө.
Анткени дал ушул мезгилде акциздик товарлардын жүгүртүүсү жана сатышы кыйла жогорулайт.
Мындай иш-чаралардын максаты — продукциянын сапатын камсыздоо жана салыктардын өз убагында төлөнүшүн көзөмөлдөө болуп эсептелет.
Белгилей кетсек, мындай рейддер республика боюнча туруктуу негизде өткөрүлүп турат.

