Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовго жогорку атайын наам ыйгаруу тууралуу Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу салык кызматынын маалыматтык саясат башкармалыгынын жетекчиси Айнура Эргешова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
«Жарлыкка ылайык, Алмамбет Шыкмаматовго «Салык кызматынын экинчи рангдагы мамлекеттик кеңешчиси» наамы ыйгарылды.
Жарлык Конституцияга, Салык кодексине, ошондой эле «Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» Мыйзамга ылайык кол коюлду», – деп жазылат маалыматта.

