Өткөн жекшембиде №5 Ноокат, №29 Свердов, №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди шайлоо болуп өттү. Мына ушул округда жалпы 311636 шайлоочу бар болсо, анын ичинен 63 933 шайлоочу, же болбосо жалпы шайлоочулардын 20,53 пайызы гана добуш берүүгө катышканын Борбордук шайлоо комиссиясы алдын ала билдирди. Ошентип, №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округунан 11596 добуш алган Бакытбек Марипов, №29 Свердов шайлоо округунан 10623 добуш алган Жумабек Салымбеков, №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округунан 3498 добуш алган Айжигит Тыналиев жеңүүчү болуп табылыптыр. Куттуктайбыз! Бирок…
Чынында бул талапкерлерде күнөө жок. Шайлоо кодексинде каралган беренелер боюнча талапкер болушуп, шайлоочулардын пассивдүү экенине карабастан, тиешелүү добушка ээ болушуп, жеңүүчү аталышты. Маселен, Ысык-Көл шайлоо округунда жалпы 97331 шайлоочу болсо, жаңы шайлаган талапкер анын бар болгону 3,5 миңге жетпеген добуш алып, парламенттин депутаты болуу бактысына туш келди. Бир сөз менен айтканда, Айжигит Тыналиев жалпы шайлоочулардын 3,59%нын, Жумабек Салымбеков 8,63%нын, Бакытбек Марипов 12,7%нын гана ишенимине арзыды. Бул добуштардын саны 2021-жылы өткөн бир мандаттуу округдардан шайланган депутаттардын добушуна салыштырмалуу төмөнкү көрсөткүч экенин айгинелеп турат.
Демек, жылдан-жылга шайлоочулардын ындыны өчүп баратканы байкалат. Карапайым шайлоочулар депутаттарга ишеним жок дегенибиз менен, дал ушул эл өкүлдөрү мамлекеттик маанилүү маселелерди чечүүдө негизги ролу ойноп жатпайбы. Шайлоочулардын кайдыгерлиги чабал парламенттин түптөлүшүнө, чийки мыйзамдар кабыл алынышына шарт түзөт. Биз өз тагдырыбызды өз кызыкчылыгын гана көздөгөн адамдарга ишенип тапшырбашыбыз керек. Кимдир бирөө биздин тагдырыбызды чечкенге акысы жок. Ушундан улам шайлоочу өзүнүн милдетин биле турган мыйзам керек. Ар бир салык төлөөчүнүн шайлоодо орду маанилүү экенин билиши зарыл. Салык төлөөчүлөрдүн эсебинен айлык алып иштеген парламенттин депутаты кимге көз каранды экенин билиши шарт. Ансыз, демократиялуу коомду куруу кыйын. Ошондуктан, шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү учуру келди окшойт.
Маселен, Даниядагы шайлоо системасында салык төлөбөгөн бардык жарандар добуш берүүгө укугу жок экен. Салык төлөгөндөр гана добуш беришерин айтышат. Демек, ал жакта салык төлөөчүлөрдүн ишеними баарынан жогору турат. Ошондуктан, бийликте популисттер, солчулдар, радикалдар, жана башка кокусунан келип калган эл өкүлдөрү болбойт экен. Ушундан уламбы, Дания дүйнөдөгү эң бай үч өлкөнүн сап башында турат. Эгерде сиз бизнесиңизди түптөп, жашооңузду мамлекетке салык төлөй тургандай уюштурган болсоңуз, элдин тагдырын чечүүдө сиздин үнүңүз эске алынышы керек дегенди билдирет экен.
2021-жылдагы шайлоо процессинде партиялык тизме менен келгендердин арасында миңге жетпеген добушка ээ болгон талапкерлер парламенттен орун алышкан учурлары болду. Мындай шартта Жогорку Кеңеш деградацияга учурашы мүмкүн. Кайдыгерликтин кесепетинен майдаланып отура берсек, барып-барып жоролордун, кайсыл бир топтун гана добушу менен эл өкүлү болуп калуу коркунучун алдын алуубуз кажет.
Шекербек КАЛЫКОВ