Аскар Салымбеков эгемен кыргыз бизнесинин “Алиппесинин” автору. Союз жоюлгандан кийин карайлаган кыргыздарды улуу депрессиядан сактап калууга салым кошкон инсан. Эгерде убагында “Дордой” базары ачылбай калса эмне болот эле? Ишканалар таланып-тонолуп жаткан чакта, “Дордой” ишкерлердин фабрикасына айланды.
Жети катар жан сакчысы жандаган, өзүн капаска салып алган ишкерлер бар. Аскар Салымбеков ар дайым элдин арасында. Чындап эле ким кыйналса, алгачкылардан болуп мүрүсүн тоскон адамдардын бири дал ушул Аскар Салымбеков. Байлыгы өтө көп дешет, арийне, анын адамгерчилик, мекенчил парасаты андан мол. Жоктон барды жараткан жаратман. Нагыз Эмгектин Баатыры. Аскар Салымбековдун феномени ушунда.
“Дордой” – Кыргыздын тунгуч бренди
Тарыхый ачылыштын, ошол учурга болгон жаңыча көз караштын шыбагасы дал ушул инсанга туш келиптир. Партиянын идеологиясына каныккан, Бишкек шаардык спорт комитетинин жетекчиси кызматын аркалаган чиновниктин ошо кезде айткандардын сөзү боюнча “базарком” болуп кетиши түшкө кире турган иш эмес эле. Көрсө, бул кадам жумушсуз калган калктын камын ойлогон кыраакылыгы экенин көпчүлүгү кийин түшүндү сыягы. Ошол каатчылык жылдары Одессадагы легендарлуу Привоз базарындагы соода кылуу тартибин уюштуруу иштерин өз көзү менен көргөнү ишкерликке шыкак бергенин өзү дагы айткан жайы бар. Демек, анын ички туюму, ишеними жаратмандыкты көксөп турганын байкоого болот. Болбосо, өнөктөштөрү менен таштанды төгүлгөн, саз баскан жерге базар ачам деп тобокелчиликке бармак беле?! «Сен эмне кылып жатасың? Сен деген спорт комитетинин жетекчисисиң, эми бардыгын таштап, базарком болгуң келип жатабы?» деп жемелеген сөздөрчү. Албетте, темирдей бекем эрк гана максаттын өтөөсүнөн чыга алат. Ошентип, 1991-жылдын кычыраган декабрь айында алгачкы сатуучулар, жүк ташуучулар, ашкана кызматкерлери пайда болуп, чоң аталарынын рухун урматтап “Дордой” деп ат койгон базары оболу 2-3 гектардан башталса, бүгүнкү күндө 100 гектар аянтты ээлеп, кыргыздын тунгуч бренди – “Дордой” учурда атагы алыска тарап, дүйнөгө дүңгүрөп турган чагы.
“Дордой” базары Азия менен Европанын рынокторун, ошондой эле Кыргызстандын тышкы экономикалык байланыштарынын негизги сегментин бириктирген Борбордук Азиядагы уникалдуу, эң ири соода-рынок комплексине айланды. Эл аралык жана ата мекендик эксперттердин пикири боюнча, ал Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалына олуттуу жана көп кырдуу таасирин тийгизип, 18ге жакын ар түрдүү тармактардын жана автомобиль, аба жана темир жол байланышы, жеңил өнөр жай, каржы, логистиканын өнүгүшүнө түрткү болуп келатат. «Дордой» соода комплекси 2008-жылы «Форбес» журналынын Дүйнөлүк банктын иликтөөсү боюнча дүйнөдөгү эң ири соода борборлорунун сабынан орун алды.
“Дордой” – ишкердин жөндөмүн өстүргөн мектеп
Өлкөбүздө жүз миңдеген жарандарыбыз жумушсуз калганда ишкерликтин жолун табууга данакер болгон дал ушул “Дордой” базары. Ал кезде ишкерлерди окутуу жана даярдоо боюнча институттар жок болчу. Өмүрү ишибиз түшпөгөн рынок экономикасынын негиздерин түшүндүргөн эч ким болгон эмес. “Дордой” жеке ишкердик, жеке менчик, эркин экономикалык мамилелер жана либералдык баа эмне экенин билбеген коомдун калыптанышынын мектеби болуп калды. “Дордой” ишкерликке шыгы бар мекендештерибиз үчүн рынок механизмдерин өздөштүрүүгө, капитал топтоого шарт түзө алган, старттык аянтча болду. «Дордой» бизнес-инкубатордун бир түрү болуп, андан ийгиликтүү иш алып барган он миңдеген бизнесмендер чыкты. Оор сыноолорду башынан өткөрүп, Россиянын, Казакстандын жана башка өлкөлөрдүн ири рынокторунда иштеп жаткан ийгиликтүү ишкерлердин бүтүндөй мууну калыптанды. «Дордой» аларга жаңы жашоонун башталышын тартуулады!
Эгемендүүлүк алгандан кийин деңизге чыга албаган, темир жолдору жана аба жолдору начар өнүккөн, мунай жана газ сыяктуу стратегиялык ресурстары жок Кыргызстан дүйнөлүк рынок системасына ыңгайлашып, интеграцияланып, чет элдик финансы, товарлар, технологиялар жана ресурстарга жетүү кыйынга турду. Ушул оор учурда «Дордой» базарынын пайда болушу жана өнүгүшү өлкөгө регионалдык масштабда натыйжалуу соода-логистикалык инфраструктураны түзүүгө, Борбордук Азиядагы транзиттик өлкөгө, ошондой эле Азия жана Европа мамлекеттер үчүн соода-коммуникациялык платформа болууга мүмкүндүк берди.
“Дордой” — жарандар үчүн үмүт жана мүмкүнчүлүк
Массалык жумушсуздуктан келип чыккан социалдык кризис жүз миңдеген жарандарыбызды башка өлкөлөргө жумуш издеп кетүүгө аргасыз кылды. Жумуш орундарын түзүү менен “Дордой” өз өлкөсүнөн бакыт издегендер үчүн үмүт жана мүмкүнчүлүк болду. Тагдырын ушул базар менен байланыштырган карайлаган калкыбызды ар кандай кыйынчылыктарды жеңишине өбөлгө болуп, күнү-түнү иштеген жарандарыбызды татыктуу жашоого жетишине шарт түзүп, аргасыз миграциядан сактап калды.
Өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактоодо орто класстын ролу өтө маанилүү. Ал дайым туруктуулукка кызыкдар жана тынымсыз өзүн өнүктүрүүгө умтулат. Ушуга байланыштуу “Дордой” базарынын пайда болушу жана андан ары өнүгүшү жалпы жумушсуздуктун кесепети болгон социалдык чыңалууну жумшарткан белгилүү бир коопсуздук жаздыкчасы боло алды.
“Дордой” – өлкөбүздөгү эң ири экономикалык долбоор
«Дордой» — соода-экономикалык жана өндүрүштүк моделин жаңы деңгээлге чыгаруу жана башкаларга жардам берүү үчүн нөлдөн башталган бизнес-долбоор. Муну 2009-жылы Дүйнөлүк банк жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгы далилдеп турат. “Дордой” – он миңдеген адамдарды жумуш менен камсыз кылган эң чоң эмгек базары. Базарда түздөн-түз 50 000 адам иштейт жана кошумча кызматтарды көрсөткөн 100 000-150 000 адам эмгектенет. Мындан тышкары, айрым маалыматтар боюнча 600 000 миңге жакын жаран базар аркылуу киреше тапкандардын камкордугунда экенин белгилешет. “Дордой” ассоциациясына кирген ишканаларда 1500дөй адам иштеп, маяна алышат.
“Дордой” базарынан өлкөнүн бюджетине түшкөн салык жана башка кирешелер өтө чоң жана олуттуу. «Дордой» базарында түздөн-түз ишкердик менен алектенген ишкерлер, патент, товарларды бажы жагынан жол-жоболоштуруу, социалдык чегерүү, жер, киреше жана салыктын башка түрлөрү үчүн төлөшөт. Рыноктун ишмердигинен мамлекеттик бюджетке жыл сайын 3-4 миллиард сом чегерип турат.
“Дордой” – экономикалык өнүгүүнүн катализатору
“Дордойдун” гүлдөп өсүшү экономиканын башка тармактарынын өсүшү менен тыгыз байланышта. Транспорттук коммуникациялар, кызмат көрсөтүү сектору, укуктук, финансылык жана башка тейлөө тармактары үчүн жаңы багыттар жана мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Жеңил өнөр жайы өнүгүү жолуна түштү. “Дордойдун” ири соода-логистикалык инфраструктурага айланышы бир жагынан аларга керектүү материалдарга жетүүнү камсыз кылса, экинчи жагынан өз продукциясын Кыргызстандын чегинен тышкары сатууга шарт түздү.
“Дордой” базарында ишкерликтин жана сооданын мектебинен өткөн көптөгөн адамдар өлкөнүн бардык булуң-бурчтарында жаңы соода түйүндөрүн ачып, калкты арзан жана эң керектүү товарлар менен камсыздай башташты. «Дордойдун» ички инвестициянын ири булагы катары ролу өзгөчө. Мындай саамалык рынокто жакшы натыйжаларга жетишкен көптөгөн ишкерлер жаңы ишканаларды, заводдорду жана фабрикаларды ачып, башка тармактарга инвестиция сала баштаганы менен айырмаланат.
“Дордой” – филантроп компания
Албетте, «Дордой» ассоциациясын олуттуу кайрымдуулук жардам көрсөткөн корпоративдик бирикме деп атоого болот. Буга анын жигердүү кайрымдуулук жана гуманитардык ишмердүүлүгү далил болуп, спортту, маданиятты, билимди, илимди колдоого жана өнүктүрүүгө 500 миллион сомдон ашык каражат бөлүп, ошондой эле жаштарга туруктуу негизде колдоо көрсөтүлүп келет. Жыл сайын спортту өнүктүрүүгө 60 миллион сом сарптайт.
Ири маданий иш-чараларды өткөрүүгө, ошондой эле маданият ишмерлерин колдоого, алардын чыгармачылык долбоорлорун ишке ашырууга 30 миллион сомдон ашык каражат жумшап келет.
Билим берүү системасын колдоо жана өнүктүрүү максатында 25 миллион сомдук колдоо көрсөтүлүп, жүздөгөн китептерди, илимий изилдөөлөрдү жана монографияларды басып чыгарды. Ошондой эле археологиялык экспедицияларды жүргүзүүдө жана ар кандай окуу жайларын материалдык-техникалык ресурстар менен камсыз кылууга жетишти. Акыркы жылдары жаш таланттарды жана жаш окумуштууларды колдоо максатында 10 миллион сомдук жардам көрсөтүлгөн.
Илимди жана илимпоздорду колдоо “Акыл-Тирек” долбоорунун алкагында жыл сайын өлкөнүн окумуштууларынын жана эксперттеринин илимий жетишкендиктерин стимулдаштырууга миллиондогон сомдон ашык каражат бөлүнүп келет.
Аталган бирикме 9 мечит, 3 медресе курууга жана диний билим берүүнүн деңгээлин жогорулатууга 31 миллион сомдон ашык каражат бөлгөн.
Калктын социалдык жактан аялуу катмарын колдоо үчүн социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө 105 миллион сом кайрымдуулук жардам катары бөлүндү.
“Дордой” — ата мекендик спорттун №1 демөөрчүсү
«Дордой» ассоциациясы өзүнүн «Дордой» спорт клубу аркылуу Кыргызстанда футбол, эркин жана грек-рим күрөшү, волейбол, хоккей, көркөм гимнастика, бокс, каратэ-до, көк-бөрү жана башка спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп келет.
Бишкектеги “Дордой” спорт комплексинин курулушуна 130 миллион сомдон ашык каражат сарптап, Кой-Таш футзал базасында жана теннис аянтчасында имараттар курулуп, Ысык-Ата районунда күрөш жана дзюдо залдары ачылган. Нарын облусунда футболдук стадион, Ат-Башы районунда футбол аянтчалары жана күрөш жана бокс залдары курулуп, Ак-Талаа районунда күрөш залын курууга акчалай жардам көрсөтүлгөн. Токмок шаарынын Ак-Өргө жаңы конушунда, Аламүдүн сейил багында, К.Жакыпов атындагы сейил багында жасалма газон төшөлгөн футбол аянтчаларын курууга жетишкен. «Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков спорт клубу аркылуу өлкөнүн аймактарына футбол жана дене тарбияны өнүктүрүү максатында 50дөн ашык комплект жасалма газон белекке берип, алардын көбү толук кандуу иштеп жатат.
Алыш күрөшү боюнча, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, Көчмөндөр оюнунун эки жолку чемпиону Нурбек Аканов, грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону Уран Калилов, Азия оюндарынын үч жолку чемпиону Данияр Көбөнов, Олимпиадалык мелдештердин жеңүүчүлөрү Руслан Түмөнбаев, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Жусупбеков жана башка кыргыз спортун дүйнөгө даңазалап жатышкан спортчулар “Дордой” спорт клубунун тарбиялануучулары. Аталган клуб бүгүнкү күндө спорттун бардык түрүн колдоого алып, келечектеги олимпиаданын, дүйнөнүн чемпиондорун даярдоого жан үрөп иштеп келишет.
Аскар Салымбеков бүгүнкү күндө жетимиш жаштын кырына чыгып, арт жагына кылчая карап кылымга тете эмгеги текке кетпегенине каниет кыла, өзү кышын кынап, түбөлүгүн тилеп түптөгөн бизнес-империясынын ийгилигине маашырланып турган чагы. “Эр эмгегин жер жебейт” деп бекеринен айтылган эмес. Азыр биз, бизнес десе Салымбековду, Салымбеков десе бизнести түшүнөбүз. Экөө куштун эки канатындай бирин-бири колдоп, Кыргызстандын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө опол тоодой салым кошуп, бийиктиктерди багындырып келет. Сабырдуулугу, адамгерчиликтүүлүгү, кыраакылыгы, иш билгилиги, боорукерлиги, мекенчилдиги, жөнөкөйлүгү менен элибиздин сүймөнчүлүгүнө айланган Аскар Салымбековду баалап алуу учурдун милдети деп ойлойбуз. Бар болуңуз Аскар Мааткабылович, көздөгөн максаттарга жетип, Эл уулу болуп жүрө бериңиз! Бекем ден соолук, кажыбас кайрат каалайбыз!
Шекербек Калыков