"Эркин-Тоо"

Самаев кызматынан бошотулуп, Токмок шаарына жаңы мэр дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Чүй облусунун Токмок шаарынын мэри Самаев Урматбек Обозбекович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске сала кетсек, УКМК Самаевдин «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экендигин аныктап, кармаган. Тактап айтканда, Токмок шаарындагы жеке үйлөрдүн борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулуу фактысы боюнча, андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү ага берилип турган.

Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен Самаев 1-июнга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Урмат Самаев Токмоктун мэри болуп 2021-жылдын августунда шайланган.

Ал эми Токмок шаарынын мэри болуп Максат Нусувалиев дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Жапаров кол койду.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!