Арашан айыл аймагынын жалпы аянты – 21 720 га. Аймактын административдик борбору – Таш-Дөбө айылы. Калкынын саны – 12 151 адам. Айыл аймак Арашан, Таш-Дөбө, С.Чокморов, Заречный жана Малиновка айылдарынан турат. Арашан айыл аймагында өлкөбүздүн жарандарынын ден соолугун чыңдоого зор салым кошуп келе жаткан Кыргыз илимий-изилдөө курортология институту жана «Кыргызстан» санаториясы жайгашкан.
Билим берүү тармагы боюнча 6 бала бакча, 4 орто мектеп, сырттан окуу мектеби жана 1 жогорку окуу жай ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Ошондой эле маданият үйлөрү, китепканалар, жаш балдарды өнүктүрүүчү “Жаңы муун” борбору, спорт комплекс, бир нече спорт аянтчасы бар. Ал эми өнөр жай тармагында «БСК» ААК сэндвич-панель заводу, тоо-лыжа базалары, бир нече эс алуу жайлары, калкты ар тараптуу тейлөө борборлору, дыйкан чарбалар иш жүргүзүп келет.
2025-жылдын үчүнчү чейреги аймак үчүн жемиштүү болуп, кирешелер такталган бюджет 58 732,100 млн сомдун ордуна аткарылышы боюнча 67 803,699 млн сомго жетип, 115,4%га ашыгы менен аткарылды. Салыктык кирешелер такталган бюджет боюнча 54 644,600 млн сомдун ордуна аткарылышы 63 449,165 млн сом болуп, 116,1%га ашыгы менен аткарылды. Салык агентинин төлөмдөрү 131,2% аткарылып, такталган бюджет боюнча 28 512,400 болсо, аткарылышы 37 418,855 млн сомду түздү. Бул каражаттар айылдын өнүгүүсүнө жумшалып, өзгөчө социалдык коргоого 2 836,325 миң сом бөлүндү. Аймак боюнча жалпы 2000 га жер айдалса, 170 га жери күздүк айдоо, жаздык айдоо 1997 га болгон. Буудай 435 га, арпа 1 750 га, жүгөрү 15 га, малина 1,2 га, кулпунай 1,5 га жерге айдалган.
Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагы бүгүнкү күндө райондогу эң ири жана өнүгүп жаткан аймактардын бири болуп саналат. Бул ийгиликтердин артында жаш, өзүнүн жигердүүлүгү, жоопкерчилиги жана жаңычыл мамилеси менен айырмаланган аймак башчысы Самат Болгонбаев аймактын ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзүп, элдин жашоо-шартын жакшыртууга багытталган иштерди тынымсыз жүргүзүүдө. Жаш жетекчи жетектеген жамааттын максаты – “Аймак өнүксө – өлкө өнүгөт” деген принцип менен иш алып барып, алдыда жаңы демилгелерди ишке ашырууну көздөшүүдө.
Арашан айыл аймагынын Таш-Дөбө айылындагы Б.Бейшеналиева атындагы орто мектеби республикалык бюджеттен каржыланып, капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Ремонт иштери ушул жылдын 1-сентябрында аяктап, бүгүнкү күндө окуучулар билим алууда.
Арашан айыл аймагынын Таш-Дөбө айылындагы “Ай-Нур Балажан” бала бакчасына республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп, капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.
Малиновка жана Арашан айылында заманбап балдар аянтчасы жана воркаут аянтчалары салынды. Ага жергиликтүү бюджеттен 3,6 млн сом бөлүндү.
Арашан айыл аймагындагы социалдык объекттерди видео байкоо камералары менен камсыз кылуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 4 681,5 миң сом бөлүнүп, социалдык объектилерге жана суу кампаларына видео байкоолор орнотулду.
Таш-Дөбө айылынын Кыргыз көчөсүнүн 650 м аралыгына асфальт төшөө иштери жүргүзүлдү. Каржылоо булагы – республикалык бюджет.
Бер-Булак айылынын Кутманов көчөсүнүн 350 м таза суу түтүгү алмашылды. Натыйжада 30дан ашуун түтүндүн көйгөйү чечилди. Каражат жергиликтүү бюджеттен жана демөөрчүлөрдөн тартылды.
Кенже Осмоналиева

