"Эркин-Тоо"

Самбо боюнча Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү акчалай сертификаттарга ээ болушту

Самбо боюнча Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү акчалай сертификаттарга ээ болушту. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков Жуния шаарында (Ливан) өткөн спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионатынын жана жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы спорттун самбо боюнча Азия биринчилигинин жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин куттуктап, спортчуларга сыйлыктарды тапшырды.

Борбор калаадагы спорт клубдарынын жана Бишкек шаарынын Свердлов районунун Р.Санатбаев атындагы спорт мектебинин тарбиялануучулары жана машыктыруучулары акчалай сертификаттарга ээ болушту:

Чоңдор арасында:

Жанбосунов Нургазы — 2-орун

Жаштар арасында:

Кубаныч уулу Адилет — 1-орун;
Сансызбеков Артур — 2-орун

Балдар арасында:

Сансызбаев Артур – 1-орун;
Нурмухамедов Искандар — 2-орун.

Машыктыруучулар:

Каналбек уулу Ильгиз;
Зверев Антон.

Белгилей кетсек, самбо боюнча Азия чемпионатында жана биринчилигинде Кыргыз Республикасынын курама командасы жалпысынан 7 алтын, 10 күмүш жана 13 коло медалды ийгиликтүү жеңип алган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!