"Эркин-Тоо"

Самбо боюнча улуттук курама команда 7 медаль жеңди

22-августта Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча Дүйнө кубогунун биринчи күнү жыйынтыкталды. Улуттук курама команда күндүн жыйынтыгы менен жалпы 7 медаль жеңди.

Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдештин алгачкы күнү спорттук самбо боюнча эркектер арасында 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг салмак даражаларында, ал эми күжүрмөн самбо боюнча кыздар арасында 59 кг, 65 кг, 72 кг салмак даражаларында беттештер өттү.

Белгилей кетсек, мелдеш “Газпром-балдарга” ден-соолукту чыңдоо борборунда өтүүдө. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Болгария, Азербайжан, Армения, Кытай, ФИАС 1 (Россия), ФИАС 2 (Беларусия) жана Израилден келген спортчулар катышууда. Беттшетер 23-август күнү жыйынтыкталат.