"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Спорт

Самбочулар дүйнөлүк оюндардын биринчи күнүндө коло медаль алышты

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдиргендей, Кытайдын Ченду шаарында өтүп жаткан самбо боюнча дүйнөлүк оюндардын биринчи күнүндө Кыргызстандын эки спортчусу коло медалга ээ болду.

Алсак, 71 кг салмак ченинде Курманбек Замирбек уулу жана 88 кг салмакта Бектен Эркебай уулу үчүнчү орунду камсыздады. Мелдеш эркектер арасында 71 кг, 79 кг, 88 кг, кыз-келиндер арасында 59 кг, 65 кг, 72 кг салмак категорияларында өттү.

Дүйнөлүк оюндар бүгүн, 14-августта да уланат.