"Эркин-Тоо"

САММИТТЕН КИЙИНКИ САН МИҢ ОЙ

Өткөн аптанын шаршемби күнү (23.11.2022-жылы) Армениянын Ереван шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун кезектеги саммити болуп өттү. Анда Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян уюмду кескин сынга алып: “ЖККУга мүчө мамлекет – Армения соңку эки жыл аралыгында кеминде үч жолу Азербайжан мамлекетинин куралдуу кол салуусуна кабылды. Ошентсе дагы ушул күнгө чейин биз Азербайжандын агрессиясы боюнча бул уюмдан эч кандай кабатырланууну уккан жокпуз. Бул албетте, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун беделине шек келтирет. 2022-жылы 13-14-сентябрь күндөрү Азербайжан мамлекети менен Армениянын чек арасында болгон куралдуу кагылышуудан кийин расмий Ереван Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна жардам сурап кайрылганбыз. Уюм тарабынан кырдаалды жеринен баалоо максатында Арменияга атайын өкүл жөнөтүү чечими кабыл алынган. Соңку кагылышууда эки тараптан үч жүзгө чукул адам курман болгон. Расмий Баку бу жаңжалга Арменияны айыптап келет,” — деп сөзүн жыйынтыктаган. Саммиттин соңунда Пашинян жыйынтыктоочу декларацияга кол коюудан баш тартканы маалым болду. Бул тууралуу Армян өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Беларусь лидери Александр Лукашенконун айтымында Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян саммитте кол коюлчу документтерге кошумча пункттарды киргизүүнү сунуштаганын, бирок ал уюмдун калган өкүлдөрү тарабынан колдоо таппаганы маалымдалган. Расмий Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков саммиттин жыйынтыгы тууралуу комментарий берип жатып, Армениянын ЖККУнун курамынан чыгуусу тууралуу сөз болбогонун билдирди. Бирок, лидерлер орток пикир таппаган талаштуу учурлар болгонун ырастап, аны соңку жагдайдын көйгөй жараткан маселелери менен байланыштырган.

Ал эми Беларусь лидери Александр Лукашенко тажик президентинин маалыматына таянып, кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу маселелерди чечүүдө жылыштар бар экенин билдирди. Биринчи жолу алар ачык сүйлөшүп, Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын чек арасындагы кырдаал тууралуу, аны дипломатиялык жол менен чечүү жөнүндө сөз болгонун белгилеп: “Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери биргеликте эки мамлекеттин чек арасындагы талаштуу аймактарды чечүүдө жакшы кадамдар бар. Эгер биз олуттуу, чыныгы уюм болууну кааласак, анда ич-ара жаңжалдарды токтотушубуз зарыл. Уюмга мүчө болгон мамлекеттер ушундай негизги маселелерди чечип, алдыга жыла албасак, анда биздин колубуздан эмне келет? Ошондуктан бул багытта олуттуу иш алып барышыбыз керек,» — деп билдирген.

Беларусь лидери Александр Лукашенко таянып маалымат берген Тажик президенти Эмомали Рахмон кандай жылыштар тууралуу айтканы белгисиз. Анын расмий сайты жарыялаган маалыматта бул тууралуу бир да сөз айтылган эмес. Болгону, тажик-ооган чек арасын бекемдөө учур талабы экенин айтканы жазылган. Кыргыз Республикасынын президентинин расмий сайтында да эки өлкөнүн чек ара маселеси тууралуу соңку маалымат жарыялана элек. Садыр Жапаров өзгөрүлүп жаткан кырдаалга өз убагында жооп кайтаруу үчүн кызматташууну ырааттуу активдештирүү зарыл экенин гана билдирген. КР ЖКнын 17-ноябрдагы отурумунда Президент Садыр Жапаров парламенттеги сөзүндө Кыргызстандын Тажикстан менен чек арасын тактоо боюнча документтери өлкө парламентинин кароосуна жыл соңуна чейин сунуш кылынарын мындай деп айткан: “Кудай буюрса, Тажикстан менен да чек ара тилкелерибизди бүтүрөбүз. Тоскоолдуктар болбосо жаңы жылга чейин бүтүрүп, Жогорку Кеңешке алып келебиз деп жатабыз,” — деген.

Армения, Беларусь, Орусия, Кыргыз Республикасы, Казакстан жана Тажикстандын лидерлери 23-ноябрда Ереванда алгач тар чөйрөдө жолугушуу өткөрүп анда Уюмдун ишмердүүлүгүнүн бир катар кемчилдиктерин талкууланганы маалым болду. Ал эми уюмдун баш катчысы Станислав Зась ЖККУ Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы кырдаалды турукташтырууга көмөк көрсөткөнгө даяр экенин айтып: “Борбор Азия аймагында кыргызтажик чек арасындагы кырдаалды турукташтырууга өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Эгер Тажикстан менен Кыргызстан зарыл десе, ЖККУга мүчө эки мамлекетке тең өз максатына жетүүгө жардам берүү үчүн уюмдун керектүү ресурстары жана тажрыйбасы жетиштүү деп эсептейбиз,” — деп сөзүн жыйынтыктады. Үч жыл уюмда баш катчылыкты аркалаган Станислав Зась эмдиги жылы бул кызматты казак саясатчысы Имангали Тасмагамбетовго өткөрүп берери айтылды. Ал эми ЖККУга мындан ары төрагалык кылуу Армениядан Беларусь мамлекетине өттү.

ЖККУнун ишмердүүлүгүндө бир топ кемчиликтер бар экенин Орусиянын президенти Владимир Путин да мойнуна алганы маалым болду: “Биз албетте, бир гана жетишкендиктерди эмес, кемчиликтерди да көрүп турабыз. Бул тууралуу жабык жыйында дагы сүйлөшөбүз…” – деди Путин. Саммиттин жүрүшү расмий Ераванда ЖККУга каршы митинг менен коштолгону да Армения жарандарынын ЖККУнун ишмердүүлүгүнө нааразы экенинин бир далили деп түшүнүүгө болот. Саммит өтүп жаткан убакта Ереванда Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна каршы эки жерде нааразылык акциясы өткөнү маалым болду. Митингдердин бирин жарандык активисттер, экинчисин “Улутчул-демократиячыл полюс” деп аталган оппозициячыл альянс уюштурган. Алар расмий Еревандын ЖККУнун мүчөлүгүнөн бир тараптуу чыгуусун талап кылып митингге чыгышкан. Кыргызстанда да Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна байланыштуу коомчулуктун пикири ар тараптуу. Кайчы пикирлер эки жыл катары менен болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуулардан соң келип чыкты. Уюмга мүчө болгон эки мамлекет чек ара маселесин дипломатиялык жол менен чече албай согушуп, анын кесепетинен ондогон жайкын тургундардын, аскер кызматкерлеринин өмүрү кыйылып жатса, ага эч кабатырланбаган ЖККУнун кайдыгер позициясын сындап, коопсуздук жаатында реалдуу уюмга айлана албаганы, бир тараптуу кызыкчылыктын негизинде гана түзүлгөнү айтылып келет.

2022-жылы 15-16-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин саммити өтүп жатканда Тажикстан тараптан Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун аймагына куралдуу кол салуу болуп, чек арага жакын жашаган айылдардан ондогон жайкын тургундар менен аскер адамдары каза болду. ШКУнун курамында да ЖККУга мүчө мамлекеттердин баары бар. 15-16-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн ШКУнун саммитине да Армения, Беларусь, Орусия, Кыргыз Республикасы, Казакстан жана Тажикстандын лидерлери толук катышкан. Бирок кыргыз-тажик чек арасындагы согуштук кырдаал боюнча толук маалыматты угуп, көрүп туруп ЖККУга мүчө мамлекеттердин лидерлеринин бирөө да согуштук абалды токтотуу жөнүндө маселе көтөрбөй, кайдигер мамиле кылганы кыргыз жарандарынын ар тараптуу пикир айтуусуна себеп болду. “Ич ара келишпестиктерди чече албаган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун кимге кереги бар? Уюмга мүчө болуу менен Кыргыз Республикасы кандай жетишкендиктерге ээ болду?..” — деген жоопсуз суроо Ереванда өткөн саммиттеги Никол Пашиняндын пикиринен кийин кайрадан коомчулукта жандана баштады.

№105 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын
Бахпурбек АЛЕНОВ

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!