"Эркин-Тоо"

САНАРИПТЕШТИРҮҮ АРКЫЛУУ ТАЗА, АЙКЫН КЕЛЕЧЕККЕ КАДАМ

Бир убакта Союздун курамындагы Эстония билим берүү жагында дүйнөдөгү бирден-бир алдыңкы өлкөлөрдүн катарында турат. Буга Эстония мектептеринин окуучулары акыркы жылдары катары менен PISAнын (окуучулардын билим деңгээлин баалаган эл аралык программа) иликтөөсү боюнча Европада биринчи орунду бербей келатканы далил. Март айында Кыргызстандын билим берүү боюнча эксперттер тобу Евробиримдиктин “Санариптештирүү аркылуу элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу” долбоору боюнча Эстония мамлекетинде болушту. Биз эксперттердин катарында барган экс-министр Уланбек Мамбетакуновду кепке тарттык.

— Уланбек Эсенбекович, сапардын максаты эмне болду жана ага кимдер катышты?

— Сапардын негизги максаты — Эстониянын мамлекетинин санариптештирүү жолдорун үйрөнүү жакшы биз үчүн алгылыктуу жактарын өзүбүзгө сиңирүү. Делегациянын курамында Билим берүү жана илим министрлигинин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, «Лидер» коомдук бирикмесинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү болду. Биздин делегация Эстониянын Билим берүү жана илим министрлигинде, Эл аралык өнүктүрүү борборунда, Эстониянын шаарларынын жана кыштактарынын ассоциациясында, Билим берүү жана жаштар департаментинде, Гуманитардык гимназияда, Таллин технологиялык университетинде, Ида-Вируда болдук. Кесиптик билим берүү борборунда жана Ида-Вируда бизнес борборунда жолугушуулар болуп өттү.

— Алардын билим берүүсүндө эмне өзгөчөлүк бар экен?

— Эстонияда балдар 7 жаштан баштап мектепке барып, 12 жыл окушат. Эң чоң өзгөчөлүгү Эстония бийлиги мамлекетти толугу менен санариптештирүү форматына өткөрүү боюнча чоң иш-аракеттерди учурунда жасаптыр. Ар бир мекеменин иши чоң же кичинесине карабастан санарип форматына өткөнүн баса белгилейин. Бул процесс 30 жылдан бери ишке ашырылып, эми натыйжасын көрүп жаткан учурду байкадык.

Дүйнө жүзү, анын ичинде Кыргызстан эми толук кандуу санариптештирүүгө өтүп аткан учурда, Эстония мамлекети мезгилден алдыга кетип көрөгөчтүк кылган экен. Бул жерде мектептердин баары компьютерлештирилип, мугалимдердин маалыматтык-коммуникациялык технологияларды (МКТ) колдонуу көндүмдөрүн калыптандырууга көңүл бурулуп, электрондук платформалар кеңири иштелип чыгып, колдонууда экен.

— Балтика республикалары, анын ичинде Эстония 90-жылдардын алдында эле Союздун курамынан чыгуу аракеттерин жасап, өз алдынчалыкка умтулган эмеспи. Алардын мектепте окутуу программалары да өзгөрсө керек?

— Ооба, эстониялыктар ошол жылдары эле билим берүү тармагын өзгөртүү аракеттерин баштаган. Азыркы учурда аларда советтик билим берүү үлгүсүнөн эч нерсе калбаганы айтпаса да түшүнүктүү деп ойлойм. Аларда эркин жана сын ой жүгүртүү, окутууда теориялык билимге сугаруу эмес, турмушка даярдоого багытталган билим берүүдөгү жаңыча көндүмдөргө басым жасоону өз убагында колго алышканын белгилөөгө болот. Ошондой эле мугалимдин кесиптик даярдыгы, окутуу методикалары сапаттуу билимдин ачкычы экени талашсыз.

— Чынында баланы тарбиялоо бала бакчадан эле башталышы керек эмеспи. Алардын балдар бакчалары менен таанышуу мүмкүнчүлүгү болдубу?

— Балдар бакчалары да толук санарипке өткөн. Маалыматтыккомпьютердик технологияны (МКТ) бала бакчадан баштап окутушат экен. Окутуу программасында негизинен компьютер деген эмне, эмнеге колдонушубуз керек жана башка жөнөкөй нерселерди түшүндүрүү менен сабак өтүшөт. Андан кийин МКТ мектепте биринчи класстан баштап эле окутулат.

— Эстониянын билим берүүсүнөн биз өзүбүзгө эмне алсак болот деп ойлойсуз?

— МКТны балдар бакчасынан баштап мектепте 1-класстан улантып, 7-класска барганда окуучулар Python программалоо тилинде коддорду жазуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат экен. Биз дагы ушул тажрыйбаны колдонсок болчудай. Ошондой эле Эстониянын мектептеринде электрондук журнал, электрондук күндөлүк бир нече жылдан бери ишке киргизилип натыйжалуу колдонулууда деп көргөзүштү. Жаңы колдонулгандан баштап улам мүчүлүштүктөрүн жоюп отуруп учурда кеңири колдонулууда. Анда окуучу жөнүндө толук маалымат, окуудагы жетишкендиктери, жүрүм-туруму жана башка маалыматтар толук камтылган.

Бегим ТУРДАЛИЕВА

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!