"Эркин-Тоо"

Санариптик өнүктүрүү министрлигинде каржылык бузуу аныкталды

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана анын карамагындагы уюмдардан 2022-жылы 979 млн 244,2 миң сом каржылык бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасы билдирди.  Ал сумманын ичинен 122 млн. 418 миң сом калыбына келтирилиши керек. Учурда 90 млн. 421 миң сом калыбына келтирилди.  Буга чейин Эсеп палатасы Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлигинде 149 миллион 944 миң сомдон ашуун, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен анын карамагында турган мамлекеттик ишканаларда 1 млрд 251 млн 455 миң сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталганын билдирген.

Пример HTML-страницы