Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин коллегиясына катышты. Анда ведомствонун 2022-жылда аткарылган ишинин жыйынтыгы жана 2023-жылга карата милдеттери каралды. Аткарылган иштер боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдүн, ведомстволук бөлүмдөрдүн, ошондой эле интернет кызматтары жана байланыш рыногунун катышуучулары болуп саналган чарбакер субъекттердин жетекчилери маалымат беришти. “Ар бир мамлекеттик орган санариптештирүү жана кызматтарды өз алдынча киргизүү жолу менен жүрсө, буга жетишүү мүмкүн эмес. Бардык иш-аракеттерди координациялоо жана Борбордук Азия чөлкөмүндө санариптик инновацияга айланган маалыматтарды жана инфраструктураны көзөмөлдөй турган Санариптик кодексти иштеп чыгуу зарыл” деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары.