Айрым учурда элес албаганыбыз менен ботулизм илдети коркунучтуу илдет экенин көпчүлүгүбүз биле бербейбиз. Аты жаман мындай ылаң тууралуу биз Бишкек шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тажрыйбалуу санитардык дарыгери Кундуз Рысбековнага кайрылдык.
— Кундуз Рысбековна, аты жаман ботулизм илдети тууралуу эмнелерди айта аласыз?
— Ботулизм оорусу – тамак ашка ботулизмдин козгогуч бактерияларынын уу заттарын (токсиндерин) камтыган азыктарды колдонгон учурда пайда болуучу өтө оор жана коркунучтуу илдет. Нерв системасын жабыркатуу менен мүнөздөлөт. Оор болгон учурда шал болууга же өлүмгө алып келиши мүмкүн. Ботулизм таякчасы жер шарында 5 континентте кездешет. Ал жерде (топуракта), сууда, жаныбарлардын жана балыктардын организиминде болушу мүмкүн.
— Илдеттин козгогучу катары эмне мүнөздөлөт?
— Аты жаман илдеттин өзү коркунуч туудурбайт, анын кычкылтек жок шарттарда иштелип чыккан уу заты (токсини) коркунуч жаратат. Азык заттарды консервалаган учурда дал ушундай ынгайлуу шарттар түзүлөт. Ботулизмдин уу заттары (токсиндери) өтө күчтүү уулардын катарына кирет. Ботулин таякчасы үй шартында даярдалган, санитардык нормаларга жана термикалык иштетүүнүн технологиялары сакталбаган учурларда, консервацияланган салаттарда көп болот. Аларга баклажан, калемпир, козу карын менен бадыраң кирет. Эң негизгиси ботулин микробу аба кирбей калган, чала ышталган жана туздалган балыктарда, тоок эттеринде, колбасаларда пайда болушу мүмкүн. Эгерде ботулизм оорусуна чалдыгып калган болсоңуз өз убагында бейтапканага дарыгерлерге кайрылып, атайын ботулин токсинине каршы сывороткасын алышыңыз зарыл. Үй шартында ар кайсы дарыларды ичип дарыланууга болбойт. Тез арада бейтапканага кайрылуу зарыл. Уулануунун биринчи белгилери тамактангандан кийин 4 саат ичинде же болбосо 12-36 сааттын ичинде башталат. Баш ооруу, баштын айлануусу, ичтин оорусу, жүрөк айлануу, кусуп, ичи өтөт. Бул көрүнүштөр кийин кайталанбайт, эртесинде ооз кургап, ичи көөп, көзүнө буюмдар эки болуп көрүнө баштайт. Көз капкактары жабылып калат. Өз убагында дарыгерлерге кайрылбай ооруну күчөтүп алсаңыз бет жаак эттери тартылып, тамак-аштарды жуткан учурда кыйналат. Киркирек үндүн пайда болушу жана сүйлөшүү бузулат, андан кийин дем алуу борбору иштеши кыйындап, энтигүү, жүрөктүн тез согуусу (тахикардия), аба жетпеген сымал сезимдер пайда болот. Эгерде өз учурунда жардам көрсөтүлбөсө, жабыркаган адам гипоксиядан, жүрөк токтоп калуусунан өлүмгө учурашы мүмкүн.
— Ботулизм оорусуна чалдыкпаш үчүн илдеттин алдын алуу керекпи?
— Мамлекеттик стандартизациялык мекемелер тарабынан тастыкталган нормаларга ылайык атайын заводдордо даярдалган консервацияланган тамак-ашты колдонуу керек. Анткени даярдоо ыкмасы эң жогорку температурада (100 градуста) жүргүзүлөт. Дарыгерлер үй шартында кышкыга салат даярдаганга болбойт деп кеңеш берет. Бишкек шаарында быйылкы жылы 8 жолу ботулизм оорусу катталып, 10 адам жабыркаган, анын ичинде 1 адам өлүмгө учураган.