Түркия мамлекетинин Санкт-Петербургдагы генералдык консулу Мехмет Ферхан Йорулмаз коронавирустан каза болду. Бул тууралуу россиялык басылмалар жазып чыгышты.
«Ооба, Мехмет Ферхан Йорулмаз кечээ, 5-июлда, коронавирус илдетинен каза тапты», — деп дипломатиялык миссиянын кызматкери маалымдады.
Генералдык консулдун өлүмүн Түркия мамлекетинин Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу дагы тастыктап, дипломаттын үй-бүлөсүнө көңүл айтты.
Акыркы бир суткада Санкт-Петербург шаарында COVID-19дан — 99 адам каза тапкан. Мындан тышкары, шаарда илдеттин жаңы катталган учурлары 1828 адамды түзүп, бул 2021-жылдын 3-фералынан берки эң жогорку көрсөткүч болду.
Расмий маалыматка ылайык, 24 сааттын аралыгында Россияда коронавирустун 24 353 жаңы учуру катталды. Пандемиянын башынан тартып өлкөдө COVID-19 5 635 294 адамга жукту. Эң көп учур Москва шаарында катталган.